Abstract
<jats:p>Бул макалада окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырууда электрондук ресурстардын ролу жана алардын негизги түрлөрү кеңири каралат. Азыркы санариптешкен билим берүү чөйрөсүндө электрондук окуу китептери, интерактивдүү платформалар, мультимедиялык материалдар, онлайн тесттер, билим берүүчү мобилдик тиркемелер жана виртуалдык лабораториялар окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү орунду ээлейт. Макалада бул ресурстардын дидактикалык мүмкүнчүлүктөрү, окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө тийгизген таасири жана сабактагы активдүүлүктү арттыруудагы артыкчылыктары талданат. Ошондой эле электрондук ресурстарды туура тандоо жана колдонуу мугалимдин кесиптик чеберчилигине түздөн-түз байланыштуу экени баса белгиленет. Изилдөөнүн жыйынтыгында электрондук ресурстар окуучулардын мотивациясын күчөтүп, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана билим сапатын жакшыртууга шарт түзөрү далилденет.</jats:p>