Abstract
<jats:p>Бул макалада мектеп окуучуларына анык интеграл түшүнүгүн жана анын негизги касиеттерин окутуунун методикалык маселелери каралат. Анык интегралды өздөштүрүүдө кездешкен негизги кыйынчылыктар, абстракттуу түшүнүктөрдү кабыл алуудагы психологиялык тоскоолдуктар жана формалдуу эсептөөгө гана басым жасоонун терс натыйжалары талданат. Изилдөөнүн максаты — анык интегралдын геометриялык, физикалык жана практикалык маанисин ачып көрсөтүү аркылуу окуучулардын терең түшүнүгүн калыптандыруунун натыйжалуу жолдорун сунуштоо. Макалада визуалдык моделдерди колдонуу, проблемалык тапшырмалар жана предметтер аралык байланыштар аркылуу интегралдык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү негизделет. Натыйжада анык интегралды мазмундуу окутуу окуучулардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, логикалык байланыштарды түшүнүү жөндөмүн жана математикага болгон кызыгуусун арттырары аныкталат.</jats:p>