Abstract
<jats:p> «Макалада Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) Колледжинин «Дене тарбия жана табигый илимдер» кафедрасы тарабынан уюштурулган «Улут уңгусу – улуттук оюндар» аттуу иш-чаранын педагогикалык жана идеологиялык мааниси кеңири талданат. Изилдөөдө улуттук оюндар жаштардын физикалык өнүгүүсүнө гана эмес, алардын улуттук иденттүүлүгүн, аң-сезимин жана мекенчилдик сезимин калыптандырууга тийгизген таасири автордук анализ жана синтез аркылуу негизделген. Чыңгыз Айтматовдун философиялык мурастары жана мамлекеттик «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгынын алкагында элдик оюндарды заманбап билим берүү стандарттарына интеграциялоонун маанилүүлүгү каралат. Иш-чаранын маданий-этнографиялык жүрүшү баяндалып, жаш муунду тарбиялоодогу ролу аныкталат. Жыйынтыгында, улуттук баалуулуктарды заманбап санариптик форматта жайылтуу жана дене тарбия процессин этнопедагогикалык принциптер менен айкалыштыруу боюнча илимий-методикалык сунуштар берилген.»</jats:p>