Abstract
<jats:p>Макалада Ч. Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романындагы Филофей (Крыльцов) жана Оливер Ордоктун образдарына салыштырмалуу талдоо жүргүзүлөт. Негизги басым илимдин этикалык жоопкерчилигине жана технократтык коомдун коркунучуна жасалган. Илимпоздун атак-даңкка умтулуусу менен жалпы адамзаттык баалуулуктардын ортосундагы карама-каршылык Филофейдин өкүнүчү аркылуу ачып берилет. Ошону менен бирге, Оливер Ордоктун образы аркылуу сезимсиз прагматизмдин кооптуулугу каралат. Айрыкча, заманбап санариптик трансформация доорунда билим берүүдө антропологиялык мамилени ишке ашыруунун зарылдыгына өзгөчө басым жасалды. Автор гуманисттик принциптерди жана этикалык нормаларды этибарга албоо жогорку технологиялык дүйнөдө инсандын деградациясына жана моралдык багыттардын жоголушуна алып келерин негиздейт. Жыйынтыгында, педагогикалык изилдөөлөрдөгү математикалык тактык менен адамдык рухий дүйнөнүн гармониясы адамзаттын келечегин сактап калуунун жалгыз жолу экендиги далилденген»</jats:p>