Abstract
<jats:p>Бул макалада волейболдун техникаларын үйрөтүү процессинде санарип технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана алардын педагогикалык мааниси каралат. Окутууда видеоматериалдарды, видеоанализ ыкмасын, мобилдик тиркемелерди жана жасалма интеллект элементтерин пайдалануу аркылуу окуучулардын техникалык көндүмдөрүн өркүндөтүү жолдору талданат. Санарип каражаттар кыймыл-аракеттерди визуалдык түрдө түшүндүрүүгө, каталарды так аныктоого жана окутууну индивидуалдаштырууга шарт түзөрү негизделет. Ошондой эле санарип технологияларды колдонуудагы артыкчылыктар жана айрым кыйынчылыктар көрсөтүлүп, аларды салттуу окутуу ыкмалары менен айкалыштыруу зарылдыгы белгиленет. Изилдөөнүн жыйынтыгында санарип технологияларды максаттуу пайдалануу волейболду окутуунун натыйжалуулугун жогорулатары аныкталды.</jats:p>