Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>макалада Самидин Токтосуновдун “Муну бил” аттуу көркөм тексти башталгыч класстарда дидактикалык оюндар аркылуу окутуп-талдоонун окутуунун теориялык негиздери жана практикалык мүмкүнчүлүктөрү ар тараптуу талданат. Изилдөөнүн негизги максаты – дидактикалык оюндарды колдонуу аркылуу окуучулардын кебин өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдорун аныктоо жана текстти окутууда оюн технологияларынын ролун көрсөтүү. Макалада башталгыч класстын окуучуларынын угуу, түшүнүү, байкоо жүргүзүү, сүрөттөө, салыштыруу, диалог түзүү жана монологдорду калыптандыруу сыяктуу тилдик компетенциялардын өнүгүүсүнө оюндар кандай таасир этери илимий негизде талданат. “Муну бил” текстинде жаныбарлардын үнү, кыймылы жана мүнөздөмөлөрү так берилгендиктен, дидактикалык оюндарды колдонуу окуучулардын фонетикалык, лексикалык жана образдуу кебин активдештирип, текстти жандуу кабыл алуусуна шарт түзөрү көрсөтүлөт. Макалада башталгыч класстын окуучуларынын кебин өстүрүүгө арналган бир катар практикалык оюндардын үлгүлөрү сунушталып, алардын окутуу процессиндеги методикалык өзгөчөлүктөрү белгиленет. Эксперименттик иштер 2-класста жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Үнүн тап”, “Каарман болуп сүйлө”, “Жашыруун сүрөттөмө”, “Диалог түзөбүз” сыяктуу оюндар системалуу колдонулган. Эксперимент жыйынтыктары көрсөткөндөй, эксперименттик класстын окуучуларында монологдук кеп 36%, диалогдук кеп 37%, сөз байлыгы 32% өсүш берген. Натыйжада дидактикалык оюндар көркөм текстти өздөштүрүүдө окуучулардын тилдик активдүүлүгүн жана маданияттуу сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүдө жогорку натыйжа берери далилденди.</jats:p>

Show More

Keywords

жана дидактикалык оюндар башталгыч окуучулардын

Related Articles

PORE

About

Connect