Abstract
<jats:p>Бул макалада жалпы билим берүүчү мектептерде тарбия иштерин натыйжалуу уюштурууда кыргыз этнопедагогикасынын ролу кеңири каралат. Улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жана элдик тарбия ыкмаларын окуу-тарбия процессине киргизүүнүн мааниси негизделет. Мектеп шартында этнопедагогикалык ыкмаларды колдонуу окуучулардын адеп-ахлактык сапаттарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү далилденет. Ошондой эле мугалимдердин тарбия иштеринде этнопедагогикалык ыкмаларды максаттуу жана системалуу колдонушу окуучулардын жүрүм-турумун оң нукка багыттоодо маанилүү экени белгиленет. Макалада этнопедагогикалык материалдарды сабакта жана сабактан тышкаркы иш-чараларда пайдалануунун эффективдүү жолдору сунушталып, алардын окуучулардын кызыгуусун арттыруудагы жана руханий дүйнөсүн байытуудагы ролу ачып берилет. Мындан сырткары, заманбап билим берүү шартында улуттук тарбия менен инновациялык ыкмаларды айкалыштыруу зарылдыгы негизделип, бул багытта практикалык сунуштар берилет.</jats:p>