Abstract
<jats:p>Бул макалада 3–5 жаштагы мектепке чейинки балдардын социалдык жана турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүдө оюн технологияларынын орду жана таасир механизми кеңири иликтенди. Бул мезгилде бала социалдык чөйрөгө активдүү аралашып, өзүнүн жүрүм-турумун жөнгө салууну, башкалар менен баарлашууну, өз оюн айтууну, эрежелерди сактоону жана турмуштук аракеттерди өздөштүрө баштай тургандыгы далилденди.. Изилдөө учурунда сюжеттик-ролдуу, дидактикалык жана турмуштук көндүмдөргө багытталган оюндар балдардын баарлашуу маданиятын, кызматташуу жөндөмүн, өз алдынча аракеттенүүсүн, эмоционалдык туруктуулугун жана элементардык турмуштук көндүмдөрүн калыптандырууда өзгөчө натыйжалуу экени практика жүзүндө далилденди. Оюн чөйрөсүнүн туура уюштурулушу, атрибуттардын жеткиликтүүлүгү, тарбиячынын фасилитатордук ролу жана ата-энелер менен болгон өз ара кызматташтык баланын гармониялуу өнүгүүсүнүн негизги шарттары катары аныкталды. Изилдөөнүн жыйынтыктары оюн технологиялары мектепке чейинки билим берүүдө баланын социалдык адаптациясын күчөтүүчү, турмуштук тажрыйбасын байытуучу жана инсандык сапаттарын калыптандыруучу негизги педагогикалык метод экенин көрсөттү.</jats:p>