Abstract
<jats:p>Бүгүнкү ааламдашуу жана санариптик трансформация шартында жогорку окуу жайларында чет тилин окутуу аркылуу студенттердин медиасабаттуулугун калыптандыруу маселеси актуалдуу болуп саналат. Чет тили глобалдык маалымат мейкиндигине чыгуу жана профессионалдык билимди өздөштүрүүнүн маанилүү куралы катары каралат. Изилдөөдө чет тили сабактарында студенттердин маалымат агымын талдоо, маалыматтын аныктыгын текшерүү жана сынчыл баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүү жолдору каралды. Медиасабаттуулуктун негизги компоненттери талданып, аларды окуу процессине интеграциялоонун методикалык негиздери сунушталат. Изилдөөдө студенттердин санариптик компетенцияларын аныктоо максатында сурамжылоо жана тест жүргүзүлдү. Натыйжалар студенттердин интернетти колдонуу деңгээли жогору экенин, бирок маалыматты талдоо жана сынчыл иштетүү көндүмдөрү жетишсиз экенин көрсөттү. Бул изилдөө чет тилин окутууда медиасабаттуулукту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн негиздейт.</jats:p>