Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Бул макалада Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээк өсүмдүктөрүнүн абалы көп спектрдүү спутниктик маалыматтарды талдоо негизинде бааланган. Изилдөө үчүн NDVI, NDRE, MSAVI, RECI, NDMI жана NDSI сыяктуу вегетациялык индекстер колдонулган, алар өсүмдүктөрдүн жашылдыгын, нымдуулук деңгээлин жана физиологиялык абалын чагылдырат. Талдоо Sentinel-2 спутнигинин маалыматтарынын негизинде ГИС-технологияларды колдонуу менен жүргүзүлгөн. Алынган натыйжалар жээк өсүмдүктөрүнүн деградациясынын ар кандай деңгээлдерин аныктоого жана антропогендик факторлордун таасирин баалоого мүмкүндүк берди. Сунушталган ыкма суу сактоо зоналарынын экологиялык абалын үзгүлтүксүз мониторинг кылуу жана урбанизацияланган аймактардагы жашыл фондду башкаруу үчүн колдонулушу мүмкүн.</jats:p>

Show More

Keywords

жана жээк өсүмдүктөрүнүн негизинде үчүн

Related Articles