Abstract
<jats:p>Бул макала башталгыч класстарда тил менен предметтерди интеграциялап окутуунун маанилүүлүгүн жана анын билим берүү процессиндеги заманбап багыттарын талдап чыгат. Макаланын негизги темасы – тилдик жана предметтик билимдерди бириктирүү аркылуу окуучулардын комплекстүү компетенцияларын өнүктүрүү болуп саналат. Интеграцияланган окутуу окуучулардын ой жүгүртүү, логикалык жана креативдүү жөндөмдөрүн арттырып, сабакка кызыгуусун жогорулатат. Кыргызстанда USAIDдин «Окуу Керемет!» долбоору алкагында CLIL технологиясы колдонулуп, тилди жана предметтерди бирге окутуунун эффективдүүлүгү жогорулаган. Мугалимдердин методикалык даярдыгы, дифференциацияланган ыкмалар жана интерактивдүү материалдар окуу процессин байытып, ар бир окуучунун муктаждыгын эске алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, макалада интеграцияланган окутуунун кыйынчылыктары жана аларды жеңүү жолдору, ошондой эле баалоо системасын жаңылоо мааниси баса белгиленет. Жыйынтыктап айтканда, тил менен предметтерди интеграциялоо билим сапатын жогорулатууга жана окуучулардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө шарт түзөт.</jats:p>