Abstract
<jats:p>Акыркы жылдары Эгемендүү Кыргызстанда жаштарга таалим-тарбия берүү маселеси актуалдуу көйгөйлөрдүн бири катары болууда. Андыктан, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров "Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер" унгужол жөнүндө Жарлыкты жарыялаган. Учурда жаштарга таалим-тарбия берүү системасын жакшыртуу үчүн заманбап жана тарыхий тажрыйбалар каралууда. Ошондуктан, мисал катары бул макалада Ош аялдар педагогикалык окуу жайынын (учурда А.Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин) Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарындагы жаштарга таалим-тарбия берүү системасынын менеджменти менен тааныштыруу каралган. Согуш жылдарындагы окуу жайдын билим жана тарбия берүү ишмердүүлүгү тарыхий булактар аркылуу анализденген. Маалыматтарды анализдөөдө изилдөөнүн аналитикалык методдорун колдонуу аркылуу маалыматтарды системалуу талдоо жана татаал процесстердеги мыйзам ченемдүүлүктөрдү, тенденцияларды аныктоо менен себеп - натыйжа байланыштары аныкталган. Аналитикалык изилдөөнүн натыйжасында объект изилденип, тыянак чыгарылып, сунуштар берилген.</jats:p>