Abstract
<jats:p>Макалада ар түрдүү булут платформаларында жеке маалыматтарды башкаруу маселеси илимий-практикалык негизде каралат. Изилдөөнүн актуалдуулугу маалыматтык технологиялардын өнүгүшү жана маалыматтык коопсуздукка болгон талаптардын өсүшү менен шартталат. Макаланын максаты – кеңири колдонулган булут кызмат көрсөтүүчүлөрдүн (Amazon Web Services, Microsoft Azure, Google Cloud жана IBM Cloud) жеке маалыматтарды башкаруу боюнча сунуштаган ыкмаларын салыштыруу жана алардын өзгөчөлүктөрүн талдоо. Изилдөөдө маалыматтарды шифрлөө технологиялары, идентификация жана авторизация механизмдери, жеткилик укуктарын бөлүштүрүү, ошондой эле эл аралык жана улуттук мыйзамдык талаптарга шайкештик маселелери камтылган. Ар бир платформанын артыкчылыктары жана чектөөлөрү салыштырылып, жеке маалыматтарды коргоону камсыздоонун эффективдүү жолдору көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында, маалыматтарды башкарууну оптималдаштыруу боюнча практикалык сунуштар берилет жана булут кызматтарын тандоо процессинде адистер үчүн багыт берүүчү жыйынтыктар жасалат.</jats:p>