Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Макалада улуу жазуучу Ч. Айтматовдун көркөм мурасындагы мугалимдин образы заманбап коомдун руханий коопсуздугун камсыздоочу негизги фактор катары изилденет.  Дүйшөн, Иңкамал апай,  Айша апа жана Майсалбек сыяктуу каармандардын философиялык жана моралдык-этикалык позицияларын талдоого алуу менен, агартуучунун образын мамлекеттин жана улуттун туруктуулугунун кепили катары караган. Изилдөөдө мугалимдин инсандык сапаттары, анын коомдук аң-сезимди калыптандыруудагы ролу жана гуманисттик баалуулуктарды сактоодогу мааниси илимий негизде каралат. Макаланын актуалдуулугу глобалдашуу доорунда улуттук иденттүүлүктү жана руханий бүтүндүктү сактоодогу педагогикалык ишмердүүлүктүн стратегиялык мааниси менен шартталган. Айтматовдун чыгармаларындагы мугалим образы — бул жөн гана кесип эмес, коомдун деградациясына бөгөт коюучу руханий уютку жана туруктуулуктун негизи экендиги далилденет.</jats:p>

Show More

Keywords

жана руханий Айтматовдун мугалимдин образы

Related Articles

PORE

About

Connect