Abstract
<jats:p>Макалада Борбор Азиянын өзгөчө кыргыздардын шаманизмдик жана теңирчилик салттарындагы тотемдик ишенимдерди, адам өлгөндөн кийин жанынын жаныбарга, канаттууга же өсүмдүккө өтүшү башкача айтканда реинкарнациянын жергиликтүү формасы тууралуу изилденет. Бул түшүнүктөр анимизмге, тотемдик жаныбарларга бүркүт, түлкү, бугу ж.б. жана жаратылыш менен руханий байланышка негизделген. Өзгөчө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында «Кылым карытар бир күн», «Ак кеме», «Кыямат» элдик ишенимдердин көркөм стилизациясы талданат: Казангаптын түлкүгө өткөн жаны, Эдигейдин ак куйрук куш болуу каалоосу, Найман-Эненин кушка айланышы сыяктуу мотивдер реализм менен мифтин синтези аркылуу экологиялык жана философиялык маселелерди чагылдырат. Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы бүркүт образына да токтолулат. Жыйынтыкта Айтматов кыргыз мифологиясынын тотемдик элементтерин заманбап адабиятта глобалдуу темаларды тактап айтканда экология, руханий жоготууларды ачуу үчүн колдонот деп белгиленет.</jats:p>