Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Бул макалада башталгыч класстарда окуучулардын текстти түшүнүү көндүмдөрүн калыптандыруунун теориялык жана методикалык негиздери каралат. Изилдөөдө көркөм тексттерди талдоонун мааниси жана анын окуучулардын окуу компетенттүүлүгүн өнүктүрүүдөгү ролу талданат. Айрыкча Чыңгыз Айтматов чыгармаларынын негизинде “Бугу эне” чыгармасын окутуу мисалында окуучулардын текстти аң-сезимдүү кабыл алуусу, мазмунун түшүнүүсү жана анализдөө жөндөмдөрү изилденет. Макалада текстти түшүнүүнүн деңгээлдери, көркөм текстти талдоонун этаптары жана эффективдүү методикалык ыкмалар кеңири каралган. Ошондой эле мазмундук, проблемалуу жана чыгармачылык тапшырмалар аркылуу окуучулардын логикалык, критикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында көркөм тексттерди системалуу талдоо окуучулардын тил байлыгын кеңейтүүгө, өз оюн эркин билдирүүгө жана окуу ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрү аныкталды</jats:p>

Show More

Keywords

жана окуучулардын текстти көркөм методикалык

Related Articles

PORE

About

Connect