Abstract
<jats:p>Бул макалада ааламдашуу жана маалыматтык технологиялар шартында башталгыч класстын окуучуларын адеп-ахлактык тарбиялоонун актуалдуу маселелери берилген. Азыркы учурда адамзат коомунда инсанды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Маалыматтык технологиялардын жана рыноктук мамилелердин өнүгүшүндө башталгыч класстын окуучуларын инсанынын калыптанышына зор таасирин тийгизип жатат. Заманбап дүйнөдө инсандык өнүгүү маселелери бүткүл адамзат үчүн глобалдуу маселеге айланууда. Убакыт өткөн сайын адам руханий баалуулуктардан алыстап баратат. Натыйжада, адам эбегейсиз зор руханий мүмкүнчүлүктөрдү башынан өткөрөт да адамдын инсандык сапаттарын жоготот. Мындай шарттарда инсанды, өзгөчө окуучуларды үй-бүлөдө адеп-ахлактык тарбиялоо маселелери өзгөчө мүнөзгө ээ болот. Дүйнөдө илимий-техникалык процесстер тез өнүгүп жатат. Окуучуларды чыныгы адептүүлүктүн духунда тарбиялоо жагынан коомдун алдында жаңы милдеттер коюлууда. Инсандын калыптанышы, окуучуларды адептүүлүк духунда тарбиялоо жалпысынан ата-энелердин жана мугалимдердин педагогикалык аракетине жараша болот. Коомдо жана дүйнөдө көптөгөн социалдык жана коомдук мааниге ээ көйгөйлөр жана маселелер пайда болду. Көптөгөн көйгөйлөргө карабастан, окуучуну чыныгы адептүүлүктүн духунда тарбиялоо маселеси мезгилдин жана доордун эң маанилүү милдети болууда.</jats:p>