Abstract
<jats:p>Макалада өз крайын таануу жана экскурсиялык жүрүштөрүнүн маанисин ачып көрсөтүү менен бирге инсандын табиятка байкоо жүргүзүү жана аны сактоо боюнча сунуштар берилген. Изилденген тема боюнча окумуштуулардын ойлорун эске алып, максатын, милдетин жана изилдөөлөрүнүн натыйжалуулугу белгилеген. Жаш край таануучулар жана экскурсия уюштуруучулар үчүн негизги принциптер такталып, аны ишке ашыруу үчүн төрт негиздеме менен жыйынтыкталган. Мындан тышкары, край таануу изилдөөлөрүнүн ыкмалары жана окуучуларды коопсуз жана натыйжалуу экскурсияга тартуу жолдору баяндалат. Макала аймактык туризмди өнүктүрүүдө жана билим берүүдө практикалык мааниге ээ. Ошондой эле, жашаган аймактагы туристтик жана рекреациялык мүмкүнчүлүктөрдү аныктоонун мааниси айтылып, жаш край таануучулар жана туризмге кызыккандар үчүн уюштурулган экскурсиялар билим берүү жана тарбиялоонун натыйжалуу усулу катары сунушталат</jats:p>