Abstract
<jats:p>Илимий макала даярдоонун негизги предмети болуп, араб алфавитинин алгачкы реформаларынын тарыхын жазуу болуп эсептелип, анын алкагында араб тамгасынын өнүгүү эволюциясы тарыхый өңүттө талданат. Илимий макаланы даярдоодогу негизги максат араб алфавитинин алгачкы реформаларынын тарыхын тактоо, Ата мекендик тарыхтын жазуу саясатынын тарыхын толуктоо. Бул макаланы даярдоодо илимий иш жазууда колдонулуучу методдор эске алынып, системалуулук, объективдүүлук, өнүгүү, жалпы байланыш жана тарыхыйлуулук принциптери сакталып, маалыматтарды анализдөө, тарыхый талдоонун натыйжасында жазуу тарыхын тактоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тарыхый салыштыруу методу байыркы араб тамгасынын жаралуу тарыхын тактоого шарт жаратып, тарыхый фактылар сунушталып, анализ жана синтез, индукция жана дедукция, абстрактуулуктан конкреттүүлүккө өтүү, логикалык жыйынтык методдору колдонулду. Изилдөө ишинин натыйжасында чет өлкөдөгү китепканаларда сакталган сейрек кездешүүчү маалыматтар анализденип, араб алфавитинин алгачкы реформаларынын тарыхы Ф.Агазаде жана К.Карашлынын эмгегинин мисалында жазылды. Илимий коомчулукка сунушталган макаланын илимий баалуулугу болуп, араб алфавитинин алгачкы реформаларынын тарыхын тарых беттерине жайгаштыруу жана тактоого салым кошуу саналды. Изилдөөгө алынган бул проблема изилдөө ишибиздин алгачкы гана кадамдары экендигин белгилей кетүү менен анын жыйынтыктары кийинки илимий макалаларда сунуштала тургандыгын айта кетмекчибиз. Жыйынтыгында, кыргыз коомунда актуалдуу маселелердин бирине айланып жаткан ислам маданиятынын жайылышынын негизин түзгөн араб алфавитинин жана жазуусунун алгачкы реформаларын изилдеген эмгек катары салым кошот деген ойдобуз.</jats:p>