Abstract
<jats:p>Макалада Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы автобиографизм маселеси “Эрте келген турналар” повестинин мисалында талданды. Согуш темасындагы чыгармаларынын жаңычылдыгы советтик мезгилдин идеологиялык фонунда каралды. Биографиялык жеке материалдардын көркөм трансформациясы тексттик талдоо-салыштыруулар менен бекемделип, анализ жасалды.Автордун биографиялык материалы повестте каармандардын аң-сезиминин чагылдырылышы катары берилген. Эгер көркөм чыгарманы бүтүндүк катары карасак, эс тутум сюжетти өнүктүрүүнүн, образды толук кандуу жаратуунун куралы катары кызмат кылат. Ошондой эле турмуштук реалдуу фактыларды субьективдүү аңдоодон башка да чыгарманын маани-мазмунун тереңден түшүнүүгө шарт түзөт.Ошондой эле согуш темасындагы чыгармаларды жаратуунун, окутуунун актуалдуулугу да мисалдар менен тастыкталды.Иликтөөнүн негизинде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы автобиографизмдин элементтери, анын чыгарманын контекстиндеги орду, кызматы тууралуу илимий корутунду чыгарылды.</jats:p>