Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Бул макалада Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги кыргыз элинин тарыхы, маданияты, искусствосу тууралуу изилденди. Согуш жылдарында Кыргызстандын экономикасы согуштук керектөөлөргө ыңгайлаштырылып, өнөр жай ишканалары фронтту камсыздоо үчүн иштеп келген. Дыйканчылыкта эмгекке жарамдуу эркектердин көбү согушка кеткендиктен, айрым тармактарда аялдар жана өспүрүмдөр иштеп, эмгек каармандыгын көрсөтүшкөн. Маданият жана искусство согуш учурунда элдин рухун көтөрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыз жазуучулары, акындары жана артисттери мекенди коргоо темасында чыгармаларды жаратышып, элди патриоттук духта тарбиялашканы анык. Театр жана адабият фронтко жана тылга колдоо көрсөтүү максатында өнүгүүнүсун уланткан. Кыргыз элинин салттуу эпостору жана тарыхый мурастары да мекенчилдикти шыктандыруучу мааниге ээ десем болот. Ушул мезгилде кыргыз эли биримдикти, сабырдуулукту жана эр жүрөктүүлүктү көрсөтүп, согуштун оорчулугуна карабастан, улуттук маданиятын жана өнөрүн сактап, өнүктүрө алган десек болот.</jats:p>

Show More

Keywords

жана согуш кыргыз элинин иштеп

Related Articles