Abstract
<jats:p>Бул макалада советтик билим берүү жана тарбия системасынын түзүлүшү, анын коомдук жана социалдык өзгөрүүлөргө тийгизген таасири кеңири талданат. Совет бийлиги орногондон кийин негизги максат жаш муунду коомго берилген, коллективчил жана социалисттик баалуулуктарды өздөштүргөн жаран катары тарбиялоо болгон. Бул максатка жетүү үчүн сабатсыздыкты жоюу, билим берүү мекемелерин уюштуруу жана жаңы тарбиялык саясатты киргизүү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлгөн. Айрыкча аялдардын билим деңгээлин жогорулатуу, алардын коомдук турмушка жана өндүрүш тармагына активдүү катышуусун камсыздоо идеологиялык негиздердин борбордук багыттарынын бири катары белгиленген. Статистикалык маалыматтар 1897–1970-жылдар аралыгында аялдардын сабаттуулук көрсөткүчү дээрлик толук деңгээлге жеткенин жана жогорку билимге ээ болгондордун саны кескин өскөнүн көрсөтөт. Натыйжада билимдүү эне социалисттик коомдун идеологиялык күчү жана жаңы муунду тарбиялоонун башкы фигурасы катары бааланган. Советтик билим берүү саясаты коомдун биримдигин, социалисттик патриотизмди жана теңдик принциптерин чыңдоого багытталган тарыхый өзгөрүүлөрдүн жемиши катары каралат.</jats:p>